БИШКЕК, 31-май — Sputnik. "Газпром" рубль менен төлөөдөн баш тарткан Нидерланддардын GasTerra компаниясына көгүлтүр от берүүнү токтотту. Бул тууралуу россиялык ишкана билдирди.
"GasTerra B.V. 30-майдын иш күнүнүн соңуна чейин апрель үчүн газдын акчасын "Газпром экспортко" Россия президентинин 31-марттагы жарлыгына ылайык төлөгөн жок", — деп жазган ишкана Telegram-каналына.
Кечээ нидерланддык энергетикалык компания россиялык газ үчүн рубль менен эсептешүүдөн баш тартканын билдирген. Буга байланыштуу "Газпром" 31-майдан тарта газ түтүктөрүн бууй турганын эскерткен. Анын натыйжасында келишимде каралган эки миллиард кубга чукул газ берилбей калат.
1-апрелден тарта Россия кастык мамиледеги мамлекеттер менен газ үчүн рубль менен эсептешмей болгон. Президенттин жарлыгына ылайык, Газпромбанк атайын валюталык жана рублдик эсептерди ачкан. Сатып алуучу биринчи эсепке келишимде көрсөтүлгөн керектүү сумманы которгондон кийин банк аны Москва биржасында сатып, экинчи эсепке рубль түрүндө которот. Ошонун эсебинен сырьёго төлөнөт.