БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Финляндиянын Россия менен чектешкен сызыгы өтө узун болгондуктан НАТО үчүн стратегиялык жактан бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Бул тууралуу Скоукрофт стратегия жана коопсуздук борборунун улук кызматкери Эмма Эшфорддун Bloomberg басылмасындагы маегине шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Россияга зыян келтирүү үчүн АКШ менен НАТОнун лидерлери эч ылгабай эле жаңы мамлекеттерди өзүнө тарткысы келип жатат. Швеция Балтика деңизине болгон көзөмөлдүн күчөшүнөн улам НАТОго пайдалуу болушу мүмкүн. Ал эми Финляндиянын Россия менен чек ара сызыгы 1,3 миң чакырымдан ашык. Бул нерсе альянс үчүн бир топ түйшүк жаратары турган иш", — деди адис.
Анын айтымында, Стокгольм менен Хельсинкинин арызын канааттандыруудан мурда саясатчылар мындай кадам альянсты бекемдээр-бекемдебесин карап чыгышы зарыл.
НАТОнун кеңейүү маселеси
Финляндия менен Швеция Россиянын Украинадагы атайын операциясынын фонунда узак мөөнөттүү бейтараптыктан баш тартып, НАТОго кирүү арызын жазышкан. Альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг уюм Скандинавия мамлекеттерин өз катарынан көрүүгө куштар экенин, аларга тез арада интеграциялашууга мүмкүнчүлүк берерин айткан. Анткен менен НАТОго мүчө-мамлекеттердин арасында эле буга каршы чыккан тараптар бар.