БИШКЕК, 31-май — Sputnik. 2022-жылдын апрель айында Кыргызстандагы банктардын депозиттик базасы 14 миллиард сомго көбөйдү. Бул туурасында Улуттук банк маалымдады.
Бул сумманын баары депозит катары (ыкчам жана керектөөгө чейинки) көрсөтүлгөн, бирок банктык эсептеги каражаттар дагы саналган. Статистикага юридикалык жана жеке жактардын, чет элдиктердин салган акчасы киргизилген.
Март айынын аягында депозиттин көлөмү 226 миллиард 258,8 миллион сом болчу. Бир айдан кийин ал 226 миллиард 242,2 миллион сомго чейин өскөнү көрсөтүлдү. Ал банктык эсептердеги каражаттын (6,5 миллиард сомдон ашыгыраак) жана керектөөгө чейинки депозиттердин (5,3 миллиарддан ашуун) көбөйгөнүнө байланыштуу. Ал эми ыкчам салымдардын көлөмү дээрлик 2,1 миллиард сомго жогорулаган.
Белгилей кетсек, өткөн жылы депозиттик база туруктуу негизде өсүп жаткан (жалпы жыйындысы 62 миллиард сом), бирок быйыл жыл башындагы үч айда катары менен (30 миллиард сомдон ашуун) кыскарган.