Радио

Чет өлкөдө паспорт жоголсо эмне кылуу керек? Юристтин жообу

Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, юридика илимдеринин кандидаты Артур Бакиров чет өлкөдө паспорттун мөөнөтү бүтүп калса эмне кылуу керектигин түшүндүрүп берди.
Sputnik
Чет өлкөдө паспорт жоголсо, жараксыз болуп калса же мөөнөтү өтүп кетсе Кыргызстанга кайтып келүү үчүн күбөлүк алуу керек. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ал үчүн ошол өлкөдөгү консулдукка кайрылуу зарыл.
"Чет мамлекетте жүргөндө паспорттун мөөнөтү бүтүп калса, жоголсо же жараксыз болуп калса Кыргызстанга кайтып келүү үчүн күбөлүк алуу керек. Ал үчүн жоголгон паспорттун, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн же аскердик билеттин көчүрмөсү менен консулдукка кайрылуу зарыл. Паспорт жоголгондо компетенттүү органдар тарабынан берилген күбөлүк же аныктама болушу керек. Эгерде көрсөтүлгөн документтерди тапшыруу мүмкүн болбосо, паспорттун жоголгондугу боюнча фактыны ырастаган маалым кат, арыз ээси тарабынан жазылган түшүндүрмө болушу шарт. Паспорт жараксыз же мөөнөтү өтсө, ошону алып келүү керек. 18 жашка жете электерге баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк, ата-энесинин паспорту жана нике күбөлүгү, ошондой эле тиешелүү формадагы сүрөттөр менен коштолот", — деди Артур Бакиров.
Ошондой эле ал жаран тиешелүү күбөлүктү алгандан кийин 30 күндүн ичинде өлкөгө кайтып келүүсү зарыл экенин кошумчалады.