Чаткал районунан алтын казгандын ордуна анын биотүрдүүлүгүн сактасак болмок. Анткени ошол эле алтын казылып жаткан Терек-Сай айылынын жанында Казан-Сай деген жерде Кызыл китепке кирген өсүмдүк, жаныбарлар бар. Бул тууралуу Гамал Соронкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ушул эле аймакта Кызыл китепке кирген жорулар жашайт.
"Терек-Сай айылында алтын казуу адамдардын ден соолугуна олуттуу зыян алып келет. Анткени айылга абдан жакын жайгашкандыктан чаң көп болот. Ошондой эле 60тан ашуун түтүндү көчүрүү маселеси азыркыга чейин ачык бойдон калууда. Анткени алар алтын казган жерге жакын жашайт. Мындан сырткары, Терек-Сайга жакын Казан-Сай биотүрдүүлүгү коргоого алынган аймак болуп эсептелет. Анда азыркы алмалардын түпкү теги болгон "яблоня фиверская", "яблоня Недзвецкого" жана "груша Коржинского" өсөт. Бул алма жана алмуруттун сорттору Кызыл китепке кирген. Ушундай эле коргоого алынган жорулар ал жерлерди байырлайт. Мындан сырткары, VI-VII кылымдарда ата-бабалар алтын казып иштеткен тарыхый жайдын калдыктары сакталуу. Мындай аймакты ЮНЕСКОнун маданий мурастарына каттатуу зарыл эле, тилекке каршы, ишке ашпай келет. Ал жерде 7,5 миллион куб таш үйүлүп жатат. Жергиликтүү калк Үйгөн-Таш деп коет ал жерди. Анын баарын ата-бабаларыбыз кол менен казып, үйүп чыгышкан. Бул таштар космостон да көрүнөрүн советтик окумуштуулар сүрөткө тартып алышкан", — деди Соронкулов.
Ал алтын казуунун кесепетинен жүздөгөн гектар жерлер талкаланганын, биологиялык рекультивациянын негизинде жок дегенде 5-10 гектарын калыбына келтирүү зарылдыгын кошумчалады.