Пресс-борбор

Молдовановкада Атамбаевдин коопсуздугуна коркунуч жаралдыбы? ЖАКтын жообу

ЖАК жетекчиси мекеме соттолуучулардын коопсуздугун камсыздоого милдетүү экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Соттолгон мурдагы президент Алмазбек Атамбаев № 27 түзөтүү колониясында кармалып турган учурда жеке коопсуздугуна тынчсызданып арызданган жок. Бул туурасында Юстиция министрлигинин алдындагы Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев билдирди.
Юстиция министрлигинин алдындагы Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев
Ал бүгүн Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн "Атамбаев, камактан качкандар, реформа. Колониядагы абал" аттуу брифингге катышты.
Журналист депутат Сеидбек Атамбаев Молдовановкадагы колонияда Атамбаевдин коопсуздугуна коркунуч жаралары тууралуу айтканын эске салып, "анын коопсуздугуна кепилдик бере аласызбы?" деп сурады.
Эгембердиев ар бир соттолгон адам жеке коопсуздугун коргоого укугу бар экенин белгиледи.
"Коркунуч жаралган учурда соттолгон адам качан болбосун жазуу же оозеки түрүндө администрацияга кайрылууга укуктуу. Ар бир кызматкер соттолуучунун жеке коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык чараларды колдонот же башка мекемеге которот. Ал бир эле учурда ким тараптан коркунуч болуп жатканын аныктап, ага да чара көрөт. Ал эми Атамбаевден жеке коопсуздугуна тынчсызданган арыз түшкөн жок", — деди Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси.
Ошондой эле ал соттолуучулардын коопсуздугуна кепилдик берүүгө эмес, камсыздоого милдетүү экенин айтты.
Алмазбек Атамбаев Улуттук кардиология борборуна жаткырылды