Пресс-борбор

Атамбаев, камактан качкандар, реформа. Колониядагы абал тууралуу брифинг

Иш-чара 31-май күнү саат 11:00дө онлайн-форматта өтөт. Түз эфир Sputnik Кыргызстан агенттигинин "ВКонтакте" баракчасы аркылуу көрсөтүлөт.
Sputnik
Жаза аткаруу кызматынын объектилерди куруу боюнча жаңы дирекциясы эмне менен алектенет? Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин № 27 колонияга которулушунун себеби эмнеде? КР эгемендүүлүк алгандан бери түзөтүүчү мекемелерден канча адам качкан? Ушул жана башка суроолорго Юстиция министрлигинин алдындагы Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев жооп берет.
Урматтуу кесиптештер, суроолорду (0553) 28-27-97 номери аркылуу Telegram баракчага жөнөтүңүздөр. Модератор суроолорду түз эфирде окуйт.