Өкмөт Ат-Башы районунда кык сактоочу жай курууну пландап жатат

Долбоор ишке ашса жергиликтүү калкка жумуш берилип, айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн көлөмү көбөйөт.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Талаа айыл аймагына эки кык сактоочу жай курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Буга байланыштуу аталган аймактагы 10,9 гектар айыл чарба багытындагы жер "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына трансформацияланат. Мындай чечим бүгүн өкмөттө кабыл алынганы айтылды.

"Таштандыларды сактоо үчүн эки кык сактоочу лагуна куруу жана аларды андан ары жылдын белгилүү бир мезгилинде жергиликтүү калкка органикалык компост катары таратуу пландаштырылууда. Бул долбоор жумуш орундарын түзөт, айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн көлөмү көбөйөт, жергиликтүү бюджетке социалдык жана салыктык төлөмдөр түшөт, өндүрүш үчүн жаңы товарларды жана кызматтарды пайда кылат", — деп айтылат маалыматта.

Бул маселе Айыл чарба министрлигинин демилгеси боюнча министрлер кабинетинин жыйынынын кароосуна коюлганы кошумчаланды.
Кыргызстанга канча күн станциясы курулат? Тактоо