Акылбек Жапаров: коррупция менен күрөшөлү десек бийликти коркутуп жатышат

Өкмөт башчы келечекте жаштар коррупция жөнүндө таптакыр ойлонбогондой болушу керектигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Системалуу түрдө түзүлгөн жемкордуктун айынан азыр коррупция менен күрөшөлү десек, баары бийликти манипуляция кылып, коркутуп жатат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин отурумунда билдирди.
Ал бир эле мисал катары айрым ишкерлер ККМ аппараттарын колдонууга каршы чыгып коркутуп да, күчкө салып да жатышканын айтты.
"Өнүккөн мамлекеттерде ишкерлер биринчи кезекте санарипке өтүшкөн. Сингапурда 1965-жылы коррупциянын тамыры жайылып жаткан учурда дагы бийлиги катаал жана ырааттуу саясатын улантып кете берген. Биз дагы коррупцияны ооздуктоодо, көзөмөлдөөдө анын логикасына бекем таянабыз. Коррупциялык аракеттерди минималдаштырган санариптик системаны сөзсүз киргизебиз. АКШ, Европа, Кытай, Корея жана башка өлкөлөрдө пара берген да, алган да адам жоопко тартылат", — деди өкмөт башчы.
Ошондой эле Жапаров келечекте жаштар коррупция жөнүндө таптакыр ойлонбогондой болушу керектигин белгиледи.
Жапаров: Ширшов менен схема түзүп иштегендин баары камалат