Акылбек Жапаров: айылдардын бирине бюджеттен 51 млн. сом кетип, 33 миң сом түштү

Жапаровдун айтымында, Кыргызстанда 2 000ге чукул калк жашаган пункт бар жана бардыгында соода түйүндөрү иштейт.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Былтыр Талас облусундагы Миң-Булак айылынын соода түйүндөрүнөн бюджетке 33 миң сом түшкөн. Ошол эле учурда аталган айылга 51 миллион сом жумшалган. Бул тууралуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда 2 000ге чукул калк жашаган пункт бар жана бардыгында соода түйүндөрү иштейт. Эми баарына контролдук-кассалык машина (ККМ) коюлат.
"Миң-Булак айылында тогуз соода түйүнү бар. Алардын жүгүртүүсү 16,4 миллион сомду түзгөн. Эгер салык, патентти эсептесек, 33 миң сом чыгат. Мамлекет болсо бул айылга канча короткон? Пенсияга 28,8 миллион сом, мугалим, муниципалдык кызматкерлердин айлык маянасы, жөлөк пул... Орточо эсеп менен 51,8 миллион сом жумшалган. Бул былтыркы жылдын маалыматы, быйыл бул сумма андан көп болот", — деген Жапаров.
Белгилей кетсек, өкмөт жыл башында ишкерлерге ККМ колдонууну милдеттендирген.
Бишкекте ККМге каршы соодагерлер митингге чыгышты. Видео