Айпери Медет кызы Алматыдагы турнирге барат. Каршылаштарынын тизмеси

Кыз-келиндер курама командасынан мелдешке бир эле спортчу жөнөтүлмөй болгон. Федерация мунун себебин да түшүндүрдү.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү балбан Айпери Медет кызы Алматы шаарында өтө турган Bolat Turlykhanov Cup аттуу эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу КРдин Күрөш федерациясы кабарлады.
Мелдеш 2-5-июнь күндөрү Алматы шаарында болот.
Федерациянын маалымат кызматы турнирге Медет кызы гана жөнөтүлө турганын билдирди. Ал эми Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова Монголиядагы Азия чемпионатынан кийин ден соолугун калыбына келтирип жатышканын билдиришти.
Айпери килемде 76 килограмм салмактагылар арасында күч сынашып келет. Коңшу өлкөдөгү кармашта анын категориясында жалпы тогуз кыз күч сынашат:
Айпери Медет кызы — Кыргызстан;
Самар Хамза — Египет;
Пуджи Сихаг — Индия;
Инкара Жанатаева — Казакстан;
Гүлмарал Еркебаева — Казакстан;
Айнагүл Абирова — Казакстан;
Ариунджаргал Ганбат — Монголия;
Загардулам Найгалсурен — Монголия;
Уртнасан Ган-Очир — Монголия.
Мындан ары ката кетирбейм! UWW Айпери Медет кызы менен маек курду. Видео