Кыргызстанда поезд каттамына 10 станцияда билет сатылууда

Эл аралык каттамдар үчүн билеттерди Кыргызстандагы 10 станциядан алууга болот.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Жүргүнчү ташыган поезддерге билет сатыла баштады. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.
Маалыматка караганда, билеттер эл аралык каттамдарга жана КМШнын поезддерине, анын ичинде Казакстан, Россия жана Беларустун ички каттамдарына (алардын ички тарифи менен) сатылууда.
Билеттерди "Кыргыз темир жолунун" төмөнкү станцияларынан алса болот:
1.
Бишкек-1 станциясы;
2.
Бишкек-2 станциясы;
3.
Балыкчы станциясы;
4.
Шопоков станциясы;
5.
Беловодский станциясы;
6.
Кара-Балта станциясы;
7.
Кайыңды станциясы;
8.
Мерке (Казакстан) станциясы;
9.
Ош станциясы;
10.
Жалал-Абад станциясы.
Сурап билүү телефондору: (0312) 30-02-09, (0312) 92-68-54, (0312) 92-68-40.
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу. Жапаров ишке ашпай жаткан себебин айтты