Жогорку окуу жайга абитуриенттерди кабыл алуу качан башталары белгилүү болду

Абитуриенттер документтерин электрондук түрдө аралыктан тапшырса да болот.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Быйыл жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру 12-июлда башталат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жогорку окуу жайларга тандоо жана кабыл алуу үч этапта өткөрүү каралган:

1-этап

12-14-июль, саат 14.00гө чейин конкурска катышууга өтүнмө тапшыруу;
15-17-июль, саат 17.00гө чейин кабыл алууга сунушталган абитуриенттер университетте окуй тургандыгын ырастоого тийиш.

2- этап

19-21-июль, саат 14.00гө конкурска катышуу үчүн өтүнмө тапшыруу;
22-24-июлда саат 17.00гө чейин кабыл алууга сунушталган абитуриенттер университетте окуй тургандыгын ырастоосу керек.

3- этап

26-28-июль, саат 14.00гө чейин сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү тапшыруу;
29-31-июлда саат 17.00гө чейин кабыл алууга сунушталган абитуриенттер университетте окуй тургандыгын ырастоосу зарыл.
Жогорку окуу жайларга гранттык жана күндүзгү контракттык орундарга тапшыруунун мөөнөттөрү бирдей. Окутуунун сырттан жана кечки формасына кабыл алуунун мөөнөтүн окуу жай өз алдынча белгилейт.
Жогорку окуу жайларга ЖРТнын босого баллынан өткөн абитуриенттер тапшыра алат. Ал эми босого балл ЖРТнын жыйынтыгы чыккандан кийин белгилүү болот.
Сынакка катышуу үчүн абитуриенттер өтүнмөлөрдү жана документтерди "Абитуриент Online" электрондук автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу тапшыра алары белгиленди.
Аймактардагы абитуриенттер өтүнмөлөрдү интернет аркылуу берип, сынакка катышса болот. Алардын рейтингин чыгаруу процесси автоматташтырылган система менен жүрөт. Кабыл алуу 25-августка чейин уланат.
Техникалык колдоонун номери — 1818 (иш күндөрү: дүйшөмбү-жума, саат 8:30дан 17:30га чейин).
Чет элдиктерге окуу акысы кеминде 3000 доллар болсун. Бейшеналиевдин тапшырмасы