Радио

Ишенов: жаштардын Евразия экономикалык форумуна 8000 киши катышты

Кыргыз экономикалык университетинин финансы жана финансы технологиялары кафедрасынын профессору, экономика илимдеринин доктору Бейшенбек Ишенов жаштарга ири инновациялык аянтча түзгөн XII Евразиялык экономикалык форум өткөнүн айтты.
Sputnik
Иш-чарада мезгилдин чакырыктарына жаштардын көз карашы, даярдыгы жана салымы талкууланды. Анда Россия, Беларусь, Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандан өкүлдөр катышты. Бул тууралуу Бейшенбек Ишенов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жаштар арасындагы форумга онлайн жана оффлайн жалпы 8 миңден ашуун жаш окумуштуу, студенттер катышып, экономикалык көйгөйлөр тууралуу сөз болду.
"Бишкекте 26-29-апрелде жаштар арасында Евразиялык экономикалык форум өткөн. Иш-чара Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин базасында өтүп, аны Россиянын Урал мамлекеттик экономикалык университети уюштурду. Форумда мезгилдин чакырыктарына жаштардын көз карашы, даярдыгы жана салымы талкууланып, Россия, Беларусь, Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандан өкүлдөр катышты. Азыркы экономикалык жагдайда жаштардын орду каралып, тажрыйба алмашуу үчүн жакшы аянтча боло алды. Форумдун максаты — келечек муунга билим берүү. Ишкерликте, мамлекеттик башкарууда жаштардын оюн, демилгелерин ишке ашыруу маселелери каралды. Бул аркылуу жаш окумуштуулар жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, идеяларды, кызматташтыкты түзө алышат", — деди Ишенов.
Ошондой эле профессор жаштар арасындагы XII Евразиялык экономикалык форумда Санкт-Петербург, Минск, Баку, Астана, Душанбе жана Бишкектин жогорку окуу жайларынын мугалимдери студенттерге билими менен бөлүшүп, дарстарды окушканын кошумчалады.