Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинада көз жумган Сыргакбек Өзүбеков Жалал-Абадда акыркы сапарга узатылды

Өзүбеков 21 жашта болгон. Ал Жалал-Абад шаарында орто мектепти аяктаган соң Россияга иштөө үчүн барып, андан соң жарандык алган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Украинада каза болгон Сыргакбек Өзүбеков бүгүн, 30-майда, Жалал-Абад шаарында акыркы сапарга узатылды. Бул маалыматты шаардык мэрия тастыктады.
Сөөктү жерге берүү иш-чарасына калаа башчысы Эрнисбек Ормоков, Россиядан маркумдун сөөгүн жеткирип келген аскер кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
1 / 4

Украинада каза болгон Сыргакбек Өзүбеков бүгүн, 30-майда, Жалал-Абад шаарында акыркы сапарга узатылды

2 / 4

Сөөктү жерге берүү иш-чарасына калаа башчысы Эрнисбек Ормоков, Россиядан маркумдун сөөгүн жеткирип келген аскер кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты

3 / 4

Сыргакбек Өзүбеков 21 жашта болгон. Ал Жалал-Абад шаарында орто мектепти аяктаган соң Россияга иштөө үчүн барып, андан соң жарандык алган.

4 / 4

Эске салсак, Украинадагы атайын операция учурунда Кыргызстанда туулган Россиянын жараны Сыргакбек Өзүбеков каза болгону белгилүү болгон

Сыргакбек Өзүбеков 21 жашта болгон. Ал Жалал-Абад шаарында орто мектепти аяктаган соң Россияга иштөө үчүн барып, андан соң жарандык алган.
Эске салсак, Украинадагы атайын операция учурунда Кыргызстанда туулган Россиянын жараны Сыргакбек Өзүбеков каза болгону белгилүү болгон. Буга чейин Сахалин облусунун губернатору Валерий Лимаренко 18-май күнү Өзүбеков улутчулдар менен салгылашууда баатырларча курман болгонун Telegram каналына жазган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинада көз жумган Исламжондун атасы: уулумдун сөөгүн күтүү абдан оор болду