БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Сузактагы 7-класстын окуучусуна кол көтөргөн мугалимдин окуясы менен Чүй облусундагы 16 жаштагы өспүрүмдүн окуясын салыштырып, кош стандарттуулук болуп жатканын белгилеген.
Анын айтымында, Сузакта сабалган кыз мээсинен жаракат алганы аныкталган.
"Кыз ооруканада жатат, ал эми мугалим кайра жумушка чыкты. Ошол эле учурда апасын коргойм деп мас кишини жарадар кылган өспүрүм камакта отурат", — деген ал.
Абдрахматова зомбулукту "тарбиялык максатта" деп актабаш керектигин белгилеген.
"Милициянын чоң кишинин өмүрү жана ден соолугуна кабатыр болуп өспүрүмдү камакта калтырганы, бирок эмнегедир кызга кабатыр болбогону таң калтырат. Муну кош стандарттуулук деп коёт", — деген акыйкатчы.
Ал мугалимге балдарды тарбиялоо үчүн уруп-сабоо укугу берилбегенин айтып, министр Бейшеналиевдин окуяга тарбиянын тайкылыгы себепкер болду деген пикирине нааразы экенин кошумчалаган.
Эске салсак, интернетке мугалим окуучу кызды башка-көзгө койгулап жатканы түшүп калган видео тараган. Кийинчерээк окуя эмнеден башталганы, 7-класстын окуучусу педагогго каяша айтып, урушуп жатканы тартылган тасма жүктөлгөн. Окуя боюнча билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев да үн катып, милиция ишти иликтей баштаган.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, адистер тарабынан түзүлгөн атайын комиссия окуя боюнча иликтөө жүргүзүп, натыйжада мугалим Эмгек кодексинин 381-беренеси ("Окуучуга, тарбиялануучуга карата күч колдонуп жана (же) психикалык зомбулук көрсөтүшүнө байланышкан тарбиялоо усулдарын, анын ичинде бир жолу пайдаланганда") боюнча иштен бошотулган.
Кийинчерээк анын иштен кетпегени маалым болгон. Сабалган кыздын ата-энеси мугалимге доосу жоктугун билдиргени кошумчаланды.