БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу иштерине Казакстан менен Өзбекстан кошуларын билдирди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук агенттигине берген маегинде айтты.
Журналист мамлекет башчыга "ГЭСти өз күчүбүз менен курууга кудуретибиз жетеби?" деген суроо узаткан.
"Өз күчүбүз менен деле кура алабыз. Бирок ал көп убакытты жана көп каражатты талап кылат. Ошондуктан платина салынчу жерге чейинки жолду жакында өз күчүбүз менен жасай баштайбыз. Ал эми ГЭСти куруу иштерине кошуна Өзбекстан менен Казакстан дагы кошуларын билдирди. Азыр үч тарап техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп жатат. Буга 1-2 жыл талап кылынат экен, бүтөрү менен баштайбыз. Эгер дагы башка инвесторлор Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу иштерине катышабыз десе, тараптар менен макулдашып кошуп алууга даярбыз. Бул ГЭС бизге электр энергиясын колдонууга гана керек. Суусун көбүнчө Өзбекстан менен Казакстан колдонот. Ошондуктан эки өлкө тең бул ГЭСти курууга катышып, инвестиция салганы жакшы болот", — деди Жапаров.
Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстан Кыргызстанда гидроэнергетикалык станцияларды курууга инвестиция салышы мүмкүн экенин айткан.