БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Дүйнөдө буудай жетишсиздиги күч алып, Украинанын экспортту кыскартышы ачарчылык коркунучун пайда кылууда. Бул тууралуу Плеханов атындагы Россия экономикалык университетинин доценти, экономист Александр Тимофеевге шилтеме берип "Прайм" агенттиги билдирди.
Адистин айтымында, мындай шартта ар кайсы мамлекет ар кандай аракеттерди көрүүдө. Айрымдар запас камдап жатса, башкалар буудайды асман чапчыган баа менен сатып жатышат.
"Эң кооптуу абалда Африка турат. Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча, бул континентте элдин кирешесинин 60 пайызы тамак-ашка кетет. Өнүккөн өлкөлөрдө бул көрсөткүч араң 10 пайызга жетет", — деди адис.
Мындан тышкары, экономист жакында эле эгинди азайткан табигый кырсыктар болуп өткөнүн эске салды. Мисалы, лидер экспортчулардын бири АКШда кургакчылык түшүмдүүлүктү бир топ кыскартты. Ал эми Кытайда, тескерисинче, суу ташкындар болуп, эгин талааларын жууп кеткен.
Эске салсак, Россия менен Украина биргелешип дүйнөлүк буудай экспортунун 30 пайызга жакынын түзөт.