БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстанда баалуу кагаз рыногун өнүктүрүү үчүн облигация сатып алат. Бул тууралуу журналисттерге РКӨФ Кеңешинин төрагасы, Россия финансы министринин орун басары Тимур Максимов билдирди.
Анын айтымында, фонд эми корпоративдик облигациялар рыногунда иштей баштайт, буга чейин мындай мандаты жок болчу.
"Фонд Кыргызстандын баалуу кагаз рыногунун дал ушул сегментин өнүктүрүүгө ири көлөмдөгү каражат салат. Параметрлери, заёмчулар, тобокелчиликтер аныкталды", — деди Максимов.
Ал кеп мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу тууралуу да сөз болуп жатканын белгиледи. РКӨФ чыгарылган облигациянын жалпы көлөмүнүн 15 пайызына чейин гана сатып алып турмакчы.
"Фонд корпоративдик жана суверендүү эмитенттердин баалуу кагазын сатып алууга инвестор тартуучу катализатор болуп калышы керек", — деди Максимов.
Эскерте кетсек, бүгүн РКӨФ Кеңешинин жыйыны болуп өттү. Бул фонддун ишин тескей турган жогорку орган. Башында РФ тышкы иштер министринин орун басары Тимур Максимов турат. Ал эми башкаруучулуктун төрагасы Артём Новиков.