Кыргызстандын президентинин иш башкаруучусу алмашты

Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызстандын президентинин иш башкаруучусу алмашты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Тилек Батырканов ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Каныбек Туманбаев дайындалды.
Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Азымбакиев президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болду