Министр: Бектургановдун аялына шек келтирген эмесмин, антсе атып ташташ керек

Министр орун басарынын айткандарын четке какты.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев орун басары Улук-Бек Бектургановдун аялынын намысына тийген сөз айтпаганын билдирди.
Министр медиктердин балдары тарбияланган "Наристе" бала бакчасында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өткөн иш-чарага катышууда.
Белгилей кетсек, буга чейин министрдин орун басары Улук-Бек Бектурганов министр жыйында анын аялынын намысына тийчү сөздөрдү айтты деп даттанган.
"Биринчиден, мен антип айткан эмесмин. Ал жыйынга кечигип келгенде "ай, аялыңдын колун кармап жата бербей эртерээк келбейсиңби" дегем. Эгер тигинтип айткан болсом, эмне келесоо бекен аялын коргой албай турган? Эркек болсо атып таштабайбы ошентип айткандарды. Мен Бектургановдон жакшы сөздү үйрөнүп алдым. Министрликте турмушка чыга элек кыздарым бар иштебей жүргөн, бойдок балдарым менен тааныштырбасам деп коркутам", — деди Бейшеналиев.
Министр буга чейин орун басарлары менен болгон окуянын чоо-жайы тууралуу айтып берген.
Министр Бейшеналиев: орун басарларымды өкмөт кетирбей, президентке сунуш бердим