Бейшеналиев жаңы ачылган бала бакчага барып майрамдык концертке катышты. Видео

Медиктердин балдары үчүн ачылган бала бакчанын экинчи филиалы 250 орунга ылайыкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев медиктердин балдары тарбияланган "Наристе" бала бакчасындагы майрамдык иш-чарага катышты. Ал 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган.
Иш-чарада бала бакчанын тарбиялануучулары концерттик программа тартуулашты.
1 / 2

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев медиктердин балдары тарбияланган "Наристе" бала бакчасындагы майрамдык иш-чарага катышты

2 / 2

Иш-чарада бала бакчанын тарбиялануучулары концерттик программа тартуулашты

Бала бакчанын директору Айзада Салиева экинчи филиалы быйыл февралда 250 орунга ылайыкталып ачылганын билдирди.
"Саламаттык сактоо министрлигине караштуу алгачкы бала бакча 1991-жылы ачылган экен. Ошондон бери кошумча каралган эмес. 31-жылдан кийин гана экинчи филиалы ачылды. Бул жай мурда Балдарды реабилитациялоо борбору болгон экен, бирок 2016-жылдан бери бош калыптыр. Тескерисинче, мамлекетке жүк болуп жаткан. Анан оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, февралдан тарта кабыл ала баштадык. Азыр 150 бала тарбияланууда. Үчүнчү филиал дагы даярдалып жатат. Аны оңдоого көбүрөөк иш талап кылынат. Анын каражат маселеси чечилсе ишке киргизебиз", — деди директор.
Ал эми министр Бейшеналиев бала бакчанын үчүнчү филиалын оңдоого каражат таап, жакын арада пайдаланууга берүүнү убадалады.
Садыр Жапаровдун ипотека компаниясына берген үйү сатылды. Баасы