Эки мүнөттүк роликте артиллеристтер аны кантип дүрмөттөп жана снаряддын мелженген жерге барып түшкөн учурлары көрсөтүлгөн.
Аскердик ведомстводон россиялык аскерлер токойдо жашырынып жаткан украиналык аскерлердин позицияларын жок кылгандыгын билдиришкен. "Малкадан" снарядды 40 чакырым алыстыкка жеткендей аралыкта атышты", — деп айтылган РИАнын маалыматында.
Россиянын "Уралтрансмаш" компаниясы дүйнөдөгү эң чоң "Малка" замбирегин 2019-жылы модернизациялап чыккан. "Малка" — 1975-жылы чыгарылган, ушул күнгө чейин дүйнөдөгү эң кубаттуу замбирек болуп эсептелет.
Анын бөлүштүрүү механизмдери, энергия менен камсыз кылуу жабдуулары күчтөндүрүлгөн. Ошондой эле радиостанциясы, ички байланышы, сыртты көзөмөлдөө жана маалыматтарды иштеп чыгуу аппараттары бир топ жаңыланган. Бул техниканын артыкчылыгы — бетондолгон объектилерди бузуучу кубаттуу жана химиялык мүнөздөгү снаряддарды, андан сырткары өзөктүк дүрмөтү бар атайын окторду колдоно алгандыгында.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин ал "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" максатын көздөйт деген.
РФтин Коргоо министрлиги билдирүү жасап, Куралдуу күчтөр соккуну аскердик инфраструктура жана аскердик күчтөргө уруп жаткандыгын, башкы максат — Донбассты бошотуу экендигин айтышкан.