Кумтөргө кеткен жолдогу аркарлардын видеосу

Кадрдан жаныбарлардын ары-бери өтүп жаткан машиналардан үркпөгөнүн көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенине кеткен жолдо Кызыл китепке кирген аркарлардын үйүрүнүн видеосу интернетке тарады.
Кадрдан жаныбарлардын жол жээгинде турганын жана ары-бери өтүп жаткан машиналардан үркпөгөнүн көрүүгө болот.
Ысык-Көл облусунун тоолуу аймактарында учурда кар жаап жатат. Ак-Шыйрак айылында кардын калыңдыгы 80 сантиметрге жетип, мал жаюуну кыйындатты.
Ысык-Көлдө ак илбирс менен күрөң аюуну аткандар кармалды