Казакстан Конституциясынан Елбасы макамынын алышыны: Назарбаев үн катты

Нурсултан Назарбаев көп жылдар бою Токаевдин Казакстанды реформалоо боюнча аракеттерин колдоп келгенин жана келечекте колдой берерин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Казакстандын биринчи президентинин Елбасы макамын Конституциядан алып салуу идеясы боюнча Нурсултан Назарбаев өз пикирин билдирди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
"Мен башкалар сыяктуу эле бардык нерсе мамлекеттин жана элибиздин кызыкчылыгында болушун каалайм. Элим жана өлкөм үчүн артымда жакшы нерселерди калтыруу мен үчүн өтө маанилүү. 2019-жылы элдин каршы болгонуна карабай өз эрким менен президенттик кызматтан кеттим. Анда мен эл колдоосунун туу чокусунда элем. Муну 2015-жылы өткөн президенттик шайлоодо 97,7 пайыз добушка ээ болгонум далилдейт", — деди биринчи президент.
Ал отставкага кеткенге чейин эле Токаевдин ишин колдоп, ага президенттин ыйгарым укуктарын өткөрүп бергенин эске салды.
"Бул жылдары анын өлкөбүздү реформалоо жана андан ары өнүктүрүү боюнча аракеттерин ар тараптан колдоп келдим. Бул жолу да колдойм", — деди Назарбаев.
Эске салсак, март айында Казакстандын азыркы президенти Касым-Жомарт Токаев башкаруу формасын өзгөртүүнү сунуштаган. Ал супер-президенттик башкаруу формасынан күчтүү парламенти бар президенттик республикага биротоло өтүү керектигин айткан. Анын алкагында өлкөнүн биринчи президентинин укуктук статусу, буга чейин ыйгарылган макамдарды алып салуу маселеси дагы каралат. Референдум 5-июнга белгиленген.
Нурсултан Назарбаевдин инисинин баласы камакка алынды