Радио

Татиков: чакан жана орто бизнеске 11 банк пайызсыз насыя берүүдө

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков чакан жана орто бизнеске 11 банк пайызсыз насыя берүүнү улантып жатканын айтты.
Sputnik
Бүгүнкү күндө жеке жана финансы секторун колдоо долбоорунун алкагында Финансы министрлиги 11 банкка 350 миллион сомдой каражат бөлүп берди. Учурда анын 250 миллион сому ишкерлерге 1,5 жылга берилди. Бул тууралуу Руслан Татиков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, финансы секторун колдоо долбооруна 72 миллион доллар бөлүнүп, министрлик аймактардагы ишкерлерге жолугуп маалымат менен камсыз кылууда.
"Долбоорду ишке ашыруу үчүн 72 миллион доллар бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнө каражат бөлүү максатында Финансы министрлиги 11 коммерциялык банкка 350 миллион сомдой каражат бөлүп берди. Учурда анын 250 миллион сому ишкерлерге 1,5 жылга пайызсыз насыя катары берилди. Бул президент Садыр Жапаровдун антикризистик чараларды көрүү жөнүндө жарлыгынын алкагында ишке ашууда. Министрликтин алкагында атайын топ түзүлүп, аймактардагы бизнес-өкүлдөрүнө жолугуп, тушүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат", — деди Татиков.
Ошондой эле адис чакан жана орто бизнести колдоо долбоору 2024-жылга чейин ишин жүргүзүп, ишкерлерге 6,8 миллиард сом насыя иретинде пайызсыз берилерин кошумчалады.