БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Бразилияда нөшөрлөгөн жамгырдан 80ден ашык адам каза таап, элүүгө чукулунун тагдыры белгисиз болуп жатат. Бул туурасында РИА Новости G1 маалымат порталына шилтеме кылып кабарлады.
"Пернамбуку штатындагы (Бразилиянын чыгыш аймагы — ред.) нөшөрдүн кесепетинен көз жумгандардын саны 84 кишиден ашты", — деп айтылган маалыматта.
Андан сырткары, 50гө чукул адамдын белгисиз болуп жатканын кошумчалашкан.
"Жергиликтүү бийлик жабырлангандарга жардам көрсөтүүгө убада берди", — деп билдирген G1.
Буга чейин жылдын башында да ушундай катуу жамгырдын кесепетинен жүздөн ашык киши көз жумган.