Рекорддук сумма. Быйыл РКӨФ 90 млн. долларлык долбоорду каржылайт

Новиков азыркы экономикалык шарттарда фонд ишин токтотуп же башка багытка өзгөрбөй, мурдагы ишмердүүлүгүн туруктуу уланта берерин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) 90 миллион долларлык долбоорлорду каржылайт. Бул туурасында журналисттерге РКӨФ Кеңешинин төрагасы, Россиянын финансы министринин орун басары Тимур Максимов билдирген.
Эске салсак, бүгүн РКӨФ Кеңешинин отуруму болду. Бул аталган фондду башкара турган жогорку орган. Кеңеш уюмдун ишмердүүлүгүн стратегиялык жактан башкарып, аны Россиянын финансы министринин орун басары Тимур Максимов жетектейт. Ал эми башкармалыктын төрагасы — Артем Новиков.

"Бүгүнкү отурумдун күн тартибинде көп маселе каралып, алардын бири — фонддун мындан аркы өнүгүүсүнүн контурун аныктоо болду. Биздин амбициялуу пландарыбыз бар, 2022-жылга эле долбоорлор портфелин 90 миллион долларга көбөйтүүгө ниеттенип жатабыз. Тагыраагы, быйыл долбоорлорду 90 миллион долларга каржылайбыз. Бул жыл ичиндеги операциялардын рекорддук көрсөткүчү болуп калмакчы", — деди Тимур Максимов.

Ал макроэконикалык кырдаал, тилекке каршы, тез өзгөрүп турса да пландарды ишке ашыруу үчүн кадамдар жасала тургандыгын кошумчалады.
Ал эми Новиков амбициялуу бюджеттин кабыл алынып, бекигендигин айтты.
"Азыркы экономикалык шарттарда фонд ишин токтотуп же башка багыт алууга аракеттенбейт, ал Кыргызстанда ишин туруктуу улантат. Фонд биздин ишкерлер жана каражат алгандар менен өз ара кызматташуу темпин өстүрөт", — деген Новиков.
Новиков: РКӨФ акча берген компаниялар РФке үч эсе көп товар экспорттой баштады