Бишкекте ККМге каршы соодагерлер митингге чыгышты. Видео

Павильон ээлери министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун чыгышын талап кылышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Бишкекте контролдук-кассалык машина (ККМ) системасы менен иштөөгө каршы болгон соодагерлер митингге чыгышты.
Павильон ээлери президенттин администрациясынын имаратынын алдында турушат. Sputnik агенттигинин кабарчысы болжол менен 100дөй адам топтолгонун билдирди. Алар ККМ менен эсеп-фактураны жоюп салууну талап кылышууда.
Соодагерлердин алдына Бажы кызматынын жетекчиси Алтынбек Абдувапов чыкты. Бирок топтолгондор аны уккусу келбей министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун чыгышын талап кылышууда.
Өкмөт базарларда ККМ колдонуу талабын жокко чыгарууну карап жатат