Арзыбек Кожошевдин өкмөттө июндун аягына чейин иштеп турары айтылды

Регламентке ылайык, кабыл алынган документтерге ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бардык лидерлери кол койгон соң Кожошевдин ЕЭКтеги жаңы кызматына киришери айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Арзыбек Кожошев үстүбүздөгү жылдын июнунун аягына чейин министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп кала берет. Бул туурасында президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Эске салсак, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) акыркы жыйынында Кожошевди Кыргызстандан Евразиялык экономикалык комиссиянын энергетика жана инфраструктура боюнча министри кызматына дайындоо чечими кабыл алынган.
ЖЕЭК жыйыны видеоконференция форматында өткөндүгүнө байланыштуу жыйын жыйынтыгында кабыл алынган чечимдерге жана документтерге ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчылары тарабынан белгиленген тартипте кол коюлат.

"Регламентке ылайык, кабыл алынган чечимдер менен документтерге Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөлөрүнүн бардык лидерлери кол койгон соң Кожошев ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри катары кызматына киришет. Аталган жол-жоболор бир ай чамасында убакытты алат. Ага чейин Арзыбек Кожошев КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп калат берет", — деп билдирген ал.

Кожошевдин ордуна ким келери азырынча айтыла элек.
Кезектеги саммит Бишкекте өтөт, Кожошев — ЕЭК министри. Жыйынтык