Бейшеналиев: мен келгенден кийин орун басарларым жүзүмдү карай албай калышты

Министр орун басарлары өз ордун сактап калуу үчүн гана аракет кылышканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Иш сапардан кайтканымдан кийин орун басарларым жүзүмдү карай албай коюшту. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге билдирди. Аткаминер учурда медиктердин балдары тарбияланган "Наристе" бала бакчасындагы Балдарды коргоо эл аралык күнүнө карата өткөн иш-чарага катышууда.
Эске салсак, буга чейин министрдин орун басарлары жана башкармалыктардын жетекчилери маалымат жыйын өткөрүп Бейшеналиевди кызматтан алуу талабы менен чыгышкан. Алар министр Германияга кетери менен жыйын куруп, Бейшеналиев жалпы эле министрликти уят кылып жатканын жана мыйзамсыз иштерди жасап жүргөнүн айтышкан.
"Келгенден кийин жолуктум, жүзүмдү карай албай коюшту. Алар деле адамдар да. Социалдык тармактан аларды эмне деп жатканын көрүп жатышат. Үйүндө балдары, аялдары дагы көрүп жатат. Эркек болгондон кийин эркектей калыш керек да", — деди министр.
Ошондой эле Бейшеналиев орун басарлары өз ордун сактап калуу үчүн гана аракет кылышканын, башка кызматкерлер кадимки тартипте иштеп жатканын белгиледи.
Министр Бейшеналиев: орун басарларымды өкмөт кетирбей, президентке сунуш бердим