БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кимде-ким Алексей Ширшов менен схема түзүп иштеше баштаса, баары камалат. Бул туурасында президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Ал парламентте Ширшов тууралуу көтөрүлгөн кептерге жооп берип, муну айтыла берчү сөз катары сыпаттады.
"Парламенттин табияты ушундай болот. Бир нерсени тактап, чын-бышыгына жетпей туруп эле айтыла берет. Ар кандай деңгээлдеги депутаттар бар да, тазасы-таза эмеси дегендей. Бир чети парламент — сүйлөй турган институт. Сүйлөп турганы жакшы. Ширшов менен 2010-жылга чейин бир туугандай болуп бирге иштеген айрым депутаттар азыр парламентте олтурушат. Эл шайлады да, эмне кылабыз", — деди президент.
Мамлекет башчы, тескерисинче, депутаттар 2010-жылга чейин кайдан канча уурдаганын Ширшов айтып койбосо деп санааркап жатышат деген пикирин айтты.
"Ошондуктан парламенттин трибунасынан ызы-чуу салып жатышат. Ширшов менен иштешкидей мен Максим же Айдар эмесмин. Тескерисинче, кимде-ким аны менен схема түзүп иштеше баштаса, мейли ким болбосун, баары камалат. Мурдагы заман жок. Мындан ары канча уурдасаң, ошону жүз эселеп казынага төгүп анан кутуласың. Ширшовду кабыл алып, андагы маалыматтарды алып жатамбы, демек, кыргыз элинин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн керек. Акаевди да жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн аба менен суудай керек болгондо чакырганбыз", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал башкаларга окшоп президент болгондон үч-төрт жылдан кийин мультимиллиардер болбой турганын, байлыктын кереги жоктугун белгиледи.