Жалал-Абаддагы заводдо жарылуу болуп, 3 адам оор жаракат алды

Жабыркагандардын денесинин 90 пайызы күйүп калган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Жалал-Абад шаарындагы заводдо жарылуу болуп, үч адам оор жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, Индустриальный көчөсүндө жайгашкан темир заводдун аймагында темир эритүүчү меш жарылган. Окуянын кесепетинен 1991-жылкы Б.А., 1993-жылкы К.С. жана 1996-жылкы А.А. жабыркаган. Аларды куткаруучулар келгенге чейин эле Тез жардам кызматы алып кетип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасынан билдиргендей, төрт киши алгачкы медициналык жардам алып, ооруканадан чыгып кеткен. Ал эми үч адамдын денелеринин 90 пайызы күйүп калган.
ЖКККББнын айып короосундагы төрт автоунаа өрттөнүп кетти. Сүрөт