БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Швеция жана Финляндиянын делегациялары менен болгон НАТО боюнча сүйлөшүүлөргө канааттанбаганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости түркиялык мамлекеттик ЖМКга таянып жазды.
“Тилекке каршы, сүйлөшүүлөр биз үмүттөнгөн деңгээлде өткөн жок”, - деди Эрдоган журналисттерге.
Ал Финляндия менен Швеция “акыйкат” болбой жатканын айтып, Швеция “террорчуларды колдоодо” деп айыптаган.
“Түркиянын президенти Эрдоган болуп турган кезде терроризмди колдогон өлкөлөрдүн НАТОго киришине “ооба” деген жооп айтылбайт”, — деди түрк лидери.
Буга чейин Financial Times гезити Түркия Финляндия менен Швецияны НАТОго киргизүү боюнча арызды кароо процессинин башталышын токтотуп койгонун жазган. Эрдоган Анкара Финляндия менен Швециянын Түркияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган Күрдстан партиясынын өкүлдөрү менен байланышы жок экенине ишенбей турганын билдирген. Ал ошондой эле эгер Түркия эки өлкөнү НАТОго киргизүүгө уруксат берсе анда бул уюм коопсуздуктун эмес, “террорчулардын өкүлдөрүнөн” турган уюмга айланарын белгилеген. Мамлекеттер альянстын мүчөлөрүнүн бардыгы макулдугун бермейин анын курамына кире албайт.
Россия НАТО карама-каршылыкты жаратууга аракет кылып жатканын айтып келет. Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков альянстын мындан аркы кеңейиши Европага коопсуздук алып келбестигин билдирген.