БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссиянын төрагасы Михаил Мясникович ЕАЭБдин келишимине кол коюлгандыгынын сегиз жылдыгы менен куттуктады.
Бирикмеде Армения, Беларусь, Кыргызстан, Казакстан жана Россия бар. Бул өлкөлөр көп маселелер боюнча интеграция болуу маселесин сүйлөшкөн.
Мясникович бул уюмду түптөөнүн тарыхы жана калыптанышы глобалдуу экономикалык кризистерди аны менен катар эле сырткы, ички көйгөйлөрдү жеңүүгө багытталгандыгын айтты.
"Көп багытта союз максатына ийгиликтүү жете алды, бул анын интеграциялык бирикме катары калыптангандыгынан кабар берет", — деди ал.
ЕЭКтин жетекчисинин айтымында, 2021-жылы ИДПнын өсүүсү 4,6 пайызга камсыздалды, бул пандемияга чейинки деңгээлге караганда жогору. Тарыхый жогорку чек өз ара соода алакаларында да болду, тагыраагы, ал 844 миллиард долларга жетти.
"Биздин ички чек араларыбызда бажы көзөмөлү алынган, бирдиктүү бажы тарифи жана рынокту коргоо боюнча бирдиктүү чаралар бар. Техникалык жактан жөнгө салып туруучу система ишке ашып жатат. 52 техникалык регламент кабыл алынып, аны менен союздун рыногундагы продукциялардын 85 пайызы жөнгө салынууда. ЕАЭБдин жалпы рыногунда электр энергетика, финансы, транспорттук кызмат көрсөтүүлөр, газ, мунай, мунай заттары, агрардык тармак, дары жана медициналык товарлар багытында калыптануу жүрүп жатат", — деген Мясникович.
Ал ЕАЭБ аймактык экономикалык интеграцияда калыптанып калган эл аралык уюм экендигин белгиледи.
"Биздин мамлекеттердин алысты көрө билүүчүлүк жана өз учурунда жасалган кадамдарынан улам, ЕАЭБ келишиминин максаты менен милдетин өркүндөтө турган 2025-жылдын стратегиясы кабыл алынган. Учурда аны ишке ашыруу жигердүү жүрүп жатат. Стратегияны кабыл алуу — теңдештиктерди бир учурда баланстоо, биздин мамлекеттин жетекчилеринин интеграцияны тереңдетүү боюнча саясий эрктерин ишке ашыруу. Дал 2025-жылы бирикменин жалпы энергетикалык жана финансы рыногун түзүү боюнча амбициялык максаттары ишке ашып калышы керек", — деп айтылган ЕЭК тараткан юбилейлик билдирүүдө.
Мясниковичтин айтымына караганда, 2022-2023-жылдары реалдуулук мезгилдери келет.
"Бул өзгөчө санкция жаатында. Бизде ЕАЭБ бекемделиши үчүн базалык шарттар бар. Андай фундаменталдык шарттардын маанилүүсү — Евразиялык экономикалык бирикменин келишимине жазылган биздин өлкөлөрдүн биримдиги, ынтымагы", — деп сөзүн аяктаган ЕЭК төрагасы.