Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

30-майда өлкөдө аба ырайы өзгөрүлүп турат, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Дүйшөмбүдө күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +18…+23, Ысык-Көлдө +13…+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +23…+28, Нарын өрөөнүндө +10…+15 градус болот.
Күндүн табы Бишкек шаарында +19…+21, Ош калаасында +23…+25 градус болот.
ӨКМ тоолуу аймактарда сел жүрүү кооптуулугу жаралганын эскертти