Балдарды коргоо күнүнө карата Бишкекте өтчү иш-чаралардын тизмеси

Кээ бир конуштарда шоу-программалар тартууланса, акимдер балдар үйлөрүн кыдырат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Бишкектин райондук администрациялары ар кандай иш-чараларды уюштурат. Анын программасын мэрия жарыялады.
Биринчи май району:
Саат 9:00дө Ак-Босого, Калыс-Ордо, Мурас-Ордо конуштарында сынак, эстафета, флешмоб, аниматорлордун шоусу тартууланат;
Саат 13:00дө 150 бала Панфилов сейил багына барып, асфальтта сүрөт тартуу сынагына катышат.
Октябрь району:
Саат 14:00дөн 16:00гө чейин район башчысы балдар үйлөрүн, майыптыгы бар бөбөктөрдүн мекемелерин кыдырат.
Свердлов району:
30-май саат 10:00дө Асанбек Умуралиев атындагы театрда майрамдык концерт уюштурулат;
31-май саат 10:30да "Дордой Плаза 2" соода борборундагы кинотеатрга кирүү уюштурулат;
1-июнда Аламүдүн-1 кичи районунда №40,41, 42 үйүнүн жашоочулары балдар үчүн аниматорлордун катышуусу менен шоу-программа өткөрөт;
Саат 10:00дө "Аул" паркында спорттук, көңүл ачкан оюндар өтөт;
Ушул эле убакытта Кайыңды, Кызыл куруучу жаңы конуштарында концерт уюштурулат;
Саат 11:00дө Келечек, Бакай-Ата жаңы конуштарында да концерт тартуулана турганы айтылды.
Ленин району:
31-май саат 11:00дө район башчысы "Үмүт-Надежда" балдар реабилитациялык борборуна барат.
Радио
Токтосун уулу: 1-июнда циркте "Сулуу жана Желмогуз" жомогу кыргызча коюлат