Акчанын көлөмү бир айда миллиарддаган сомго өсүп, жаңы рекорд койду

Улуттук банк маанилүү үч көрсөткүч боюнча ушул жылдын 1-майына карата алынган маалыматтар менен бөлүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. 1-майга карата Кыргызстанда акча базасынын көлөмү өсүп, жаңы рекорд коюлду.
Улуттук банктын маанилүү үч көрсөткүчү боюнча абал төмөнкүдөй:
акча базасынын көлөмү — 164,6 миллиард сомду түзгөн (былтыркы рекорд июлдун башында болуп, 153,1 миллиард сомду көрсөткөн);
кеңири аныктамадагы акча базасы — 178,7 миллиард сом (мурдагы рекорд 175,5 миллиардды көрсөтүп, ушул жылдын башында болгон);
жүгүртүүдөгү акча — дээрлик 147,8 миллиард сом (мурдагы рекорд былтыркы жылдын ноябрь айында болуп, 144,2 миллиард сомду көрсөткөн).
Белгилей кетсек, соңку жылдары акчанын көлөмү өсүп келе жатат. Мисалы, кеңири аныктамадагы акча базасы 2017-жылы биринчи жолу 100 миллиард, 2020-жылы 150 миллиард сомдон ашкан.
Жүгүртүүдөгү акча — бул калктын насыялык уюмдардын кассасындагы калдыгы менен кошо эсептелген каражаты;
Акча базасы — айлантуудагы акча жана каржылык (аманаттык) уюмдардын сом түрүндөгү резерви;
Кеңири аныктамадагы акча базасы — айлантуудагы акча, аны менен бирге каржылык уюмдардын Улуттук банкта сакталган бардык резервдери (чет элдик валюта, сом) жана аманаттары.
Улуттук банк: коммерциялык банктар тейлөө сапатын жакшыртышы керек