БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын "Сколково" фондуна Ысык-Көлдө IT айылын ачууну сунуштады.
Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, Жапаров "Заманбап санариптик банк жана экосистема" форумунда сөз сүйлөп, маалыматтык технологиялардын өнүгүшү банк бизнесине таптакыр жаңы мамилени алып келгендигин белгилеген.
"Финансы продуктуларын заманбап IT тармагынын мүмкүнчүлүктөрү менен айкалыштыруу бүтүндөй экономиканын өндүрүмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун олуттуу жогорулата алат. Кыргыз Республикасы бул дүйнөлүк тенденциялардан четте калган жок. Биздин өлкөдө финансылык технологияларды өнүктүрүүнүн негизги багыттары болуп электрондук коммерция, финансылык жана банктык кызмат көрсөтүүдө аралыктан тейлөөнү активдүү өнүктүрүү саналат. Биз муну менен эле токтоп калбастан, өлкөнүн каржылык-экономикалык процесстерине накталай эмес инновациялык продукцияны киргизүүнү тездетип жатабыз", — деди Жапаров.
Ал Кыргызстандын ченемдик укуктук базасы мындай чечимдерди мүмкүн болушунча тез арада кабыл алууга мүмкүндүк берерин айтты. Өкмөт башчы ошондой эле министрлер кабинети жалпысынан санариптик экономиканы өнүктүрүүдө санариптик инновацияларды адам жашоосунун бардык чөйрөлөрүнө, банктык же мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө активдүү киргизүүнү колдоого даяр экенин баса белгиледи.
Өз кезегинде "Сколково" фондунун компетенттүүлүк борборунун директору Павел Новиков санариптик индустрияны өнүктүрүүдө мамлекеттик колдоону көрө турганын белгилеп, каржы-экономикалык чөйрөдө, ошондой эле жергиликтүү стартаптарды жана санариптик инновацияларды киргизүүдө, мындан ары илгерилетүүдө кызматташууга даяр экенин билдирди.
Форумга Россиянын сегиз ири IT компаниясы катышууда.