Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Садыр Мамбетходжаев Бишкекте көз жумду

Садыр Мамбетходжаев 18 жашынан тарта Беларусь фронтунда салгылашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. 27-май күнү 96 жаш курагында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Садыр Мамбетходжаев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлады.
Ардагер 1926-жылы 12-майда Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Ак-Жар айылында туулган.
1944-1945-жылдары Беларусь фронтунда согушка катышкан. Эмгек жолун 1950-жылы Үч-Терек районунун райондук финансы бөлүмүнүн башчысы болуп баштаган.
"Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун" төрайымы Анна Кутанова көз жумду