Улуттук банк: коммерциялык банктар тейлөө сапатын жакшыртышы керек

Акыркы убакта акча которуу системалары аркылуу каражат кабыл алуу, жөнөтүү жана тейлөөнүн сапатына байланыштуу жарандардан даттануу көп түшө баштады.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Улуттук банк коммерциялык банктарды кардарларды тейлөөнүн сапатын жакшыртууга чакырды. Бул тууралуу каржылык жөнгө салуу органынын маалымат кызматы билдирди.
27-майда Улуттук банктын жетекчилиги коммерциялык банктардын, акча алмаштыруучу бюролордун жана республиканын Акча алмаштыруу бюролорунун ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Алар өлкөнүн банк тутумундагы жана валюта рыногундагы кырдаалды, ошондой эле дүйнөдөгү геосаясий кырдаалга байланыштуу мүмкүн болуучу тобокелдиктерди минималдаштыруу жана алдын алуу маселелерин талкуулашкан.
"Улуттук банктын жетекчилиги акыркы учурда акча которуу системалары аркылуу каражат кабыл алуу, жөнөтүү жана айрым финансы-кредиттик мекемелердеги тейлөөнүн сапатына байланыштуу калк тарабынан даттануулар көбөйүп жатканын белгиледи. Коммерциялык банктарды бул маселени чечүүгө чакырды. Кардарларды тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана бардык бөлүмдөрдө банктык кызматтардын талаптагыдай көрсөтүлүшүнө көзөмөлдү камсыз кылуу керектиги айтылды", — деп жазылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, Улуттук банктын жетекчилиги каржы рыногунун бардык катышуучулары, анын ичинде акча алмаштыруучу бюролор жана Акча алмаштыруу бюролор ассоциациясы тарабынан банктык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.
Жыйында ошондой эле Улуттук банк кырдаалга такай мониторинг жүргүзүп, көзөмөлдөп, зарыл болгон учурда өлкөнүн банк жана төлөм системаларынын туруктуу жана коопсуз ишин мындан ары да камсыз кылуу боюнча чараларды көрө турганы айтылды.
Улуттук банк Кыргызстанда доллар эмнеге кымбаттаганын түшүндүрдү