Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Генерал аскерлерге жолтоо болбой, Украинадагы операцияны шаштырбоого чакырды

Генерал бошотулган аймактардын элине шарт түзүү керектигине токтолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Украинаны демилитаризациялоого 5 жылдан 10 жылга чейин убакыт кетиши мүмкүн. Аскерлерге жолтоо болбой, атайын операцияны шаштырбаш керек. Бул тууралуу РИА Новостиге Мамлекеттик думанын жарандык коомду өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, генерал-полковник Владимир Шаманов билдирген.
"Ооба, Украинаны демилитаризациялоо 5 жылдан 10 жылга чейин созулушу ыктымал. Бүгүнкү күндө Донбасс боюнча маселени чечүүгө аракеттер жасалып жатат, колдогу каражат аны ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Шаштырбаш керек", — деди ал.
Ал аскерлерге жолтоо болбой, коюлган тапшырмаларды аткаруусуна мүмкүнчүлүк бериш керектигин белгилеген. Ошол эле учурда бошотулган аймактарга жардам берген оң деген.
"Бошотулган аймактарда жергиликтүү бийликти бекитип, инфраструктураны кайра калыбына келтирип, калк заманбап жашоодо жашаш үчүн шарт түзүп берүү зарыл", — деп билдирген.
Россия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификациялап", Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Немец генералы Россиянын Украинадагы артыкчылыгын моюндады