4,5 млн. сомдук зыян. УКМК автоунааны мыйзамсыз ташуу каналына бөгөт койду

Аталган факты боюнча үстүбүздөгү жылдын 29-мартында КР Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесине ("Экономикалык контрабанда") ылайык кылмыш иши козголгон.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети коңшу өлкөдөн автотранспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып келүү каналына бөгөт койду. Бул тууралуу комитеттен билдирди.
Маалыматка караганда, 18-мартта УКМК тарабынан КР мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча Лейлек районундагы Достук айылынын А.Д. аттуу тургуну кармалган. Ал Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунааны чек арадан мыйзамсыз алып өттү деп шектелген болчу.
Сурак учурунда унаанын ээси А.Д. бул машинаны коңшу мамлекеттин жаранынан алганын айтып, автотранспортко тиешелүү документи жок экенин тастыктаган.
Аталган факты боюнча үстүбүздөгү жылдын 29-мартында КР Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесине ("Экономикалык контрабанда") ылайык кылмыш иши козголгон.
Келип түшкөн маалыматтар боюнча, буга чейин ондогон автоунаалар Кыргызстандын аймагына ушундай эле жол менен бажы жана башка төлөмдөрдү төлөбөстөн алып келинген. Алдын ала маалыматтар боюнча, мамлекетке 4,5 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Азыркы учурда бул багытта кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Жасалма дипломун жашыруу үчүн пара сунуштаган. Чүйдө айыл өкмөттүн адиси кармалды