БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов казакстандык жана тажикстандык кесиптештери менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирди.
Эскерте кетсек, 26-27-майда Душанбе шаарында Улуттук коопсуздук боюнча кеңешинин катчыларынын Афганистан боюнча төртүнчү аймактык диалогу өттү.
Иманкулов Казакстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Гизат Нурдаулет менен жолугушууда эки өлкөнүн ортосунда Борбордук Азия регионунун коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу боюнча кызматташуусун тереңдетүү тууралуу сөз кылды.
Ал эми Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Насрулло Махмудзода менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекеттик чек арада инциденттерди жана чыр-чатактарды болтурбоо, чек арага жакын аймактарда укук коргоо органдарынын ортосунда да, жергиликтүү калк менен да ишенимди чыңдоо маселелери талкууланды.
Ошондой эле Афганистан көйгөйүнүн контекстинде террорчулук, экстремизм, баңги аткезчилиги менен күрөшүү боюнча биргелешкен кадамдар каралды.