Путин ЖККУ күчтөрүнүн иштеши боюнча келишимди ратификациялады

Макулдашууга 2021-жылдын 16-сентябрында Душанбе шаарында кол коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин ЖККУга мүчө мамлекеттердин аймагында жамааттык коопсуздук күчтөрүнүн иштешин жана укуктук жардам көрсөтүүнү жөнгө салган келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Документте "жайгаштыруу жерлери", "кызматтык милдеттер", "компетенттүү органдар", "шашылыш тергөө аракеттер" деген түшүнүктөрдүн чечмелөөлөрү камтылган.
2021-жылдын 16-сентябрында Душанбе шаарында кол коюлган келишимде жөнөтүүчү тараптын өкүлдөрү кабыл алуучу тараптын аймагында жасалган кылмыштарды иликтөө механизми көрсөтүлгөн.
Тараптардын компетенттүү органдары кылмыштардын изин процесстик жактан бекемдөө, кылмыш жасаган адамдарды аныктоо, кармоо жана өткөрүп берүү маселелери боюнча бири-бири менен өз ара кызматташары белгиленет.
"Ар бир тарап өзүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык жазык иши боюнча өзүнүн юрисдикциясын жүзөгө ашырууда жана юридикалык жардам көрсөтүүдө келип чыккан чыгымдарды өз алдынча көтөрөт", — деп айтылат документте.
Ошондой эле келишимге ылайык, эгерде мындай жардам көрсөтүү эгемендүүлүккө же коопсуздукка зыян келтире турган болсо, же өтүнүч жиберилген тараптын улуттук мыйзамдарына карама-каршы келсе, юридикалык жардам берүү жөнүндө өтүнүчтөн баш тартса болот.
Радио
Досалиев: Кыргызстан коопсуздугун ЖККУнун жардамы менен гана камсыздай алат