Ош шаарына быйыл 20дан ашык жол куруу техникасы алынат

Биринчи шаарга асфальт казуучу техниканы алып келип сынап көрүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Ош шаарына быйыл 20дан ашык жол курууга керектелген техника алынат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Ош шаарына быйыл 20дан ашык жол курууга керектелген техника алынат

2 / 2

Аталган техниканын алгачкысы сатып алынып, пайдаланууга берилген

Аталган техниканын алгачкысы сатып алынып, пайдаланууга берилген.
"Калаа мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, вице-мэр Жасур Азимов "Ош шаардык жолдор башкармалыгы" тарабынан атайын жол курулуш техникасын сатып алуу боюнча протоколдук тапшырманын аткарылышын текшерди. Ага ылайык,  жаңы алынган агрегат – асфальт фрезер сыноодон өткөрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, техника жергиликтүү бюджеттин жана Кытай грантынын эсебинен алынмакчы.
Кара-Кечеде иштегендерге 50дөн ашык жаңы техника берилди