Өлкөдө камсыздандыруу компанияларына кайрылгандардын саны азайды

Жыл башынан бери республикада 14 камсыздандыруу компаниясы иштеди.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. 2022-жылдын биринчи кварталында камсыздандыруу компаниялары тарабынан 61 миңге жакын келишим түзүлдү. Бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 17 пайызга аз экенин Улуттук статистика комитети билдирди.
Анткен менен түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруунун суммасы өткөн жылдын ушул учуруна салыштырмалуу сегиз пайызга көп болду (273,7 миллиард сом).
"Ыктыярдуу жана туризм тармагында камсыздандыруулар баарынан көп болду. Ал эми камсыздандыруу компанияларына кимдер көп кайрыларына токтолсок, жалпы кардарлардын 89 пайызы жеке тараптар", — деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми зыяндын ордун толтурууга жумшалган каражаттын 65 пайызы ыктыярдуу мүлктү камсыздандырууга, 15 пайызы жеке медициналык камсыздандырууга берилген.
Жыл башынан бери республикада 14 камсыздандыруу компаниясы иштеди.
Кыргызстанда банктардын тапкан пайдасы быйылкы үч айда эки эсеге өстү