Жекшембиге карата аба ырайы

29-майга караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Жекшемби күнү күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +17...+22, Таласта +15...+20, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көлдө +12...+17 жана Нарын аймагында +11...+16 градус болору айтылды.
Бишкек менен Ош калаасында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү борбордо +18...+20, Ош шаарында +23...+25 градуска жетет.
Жаан, кар жаайт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты