Чүйдө 21 жаштагы айдоочу сүзүп кеткен аял кырсык болгон жерде көз жумду

ЖКККББ айдоочуларды автоунааны этияттап башкарууга, жол эрежелерин сактоого чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Москва районунун Садовое айылында айдоочу жөө адамды сүзүп, 70 жаштагы аял кырсык болгон жерден мүрт кеткен. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын 21 жаштагы Н.С. аттуу айдоочусу жол караңгы болгондуктан жөө адамды сүзүп алган
Билдирмеге караганда, кырсык 27-май күнү кечки саат 22:00дөр чамасында Бишкек — Чалдывар жолунун 36-чакырымында болгон. Анда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын 21 жаштагы Н.С. аттуу айдоочусу жол караңгы болгондуктан жөө адамды сүзүп алган.
"70 жаштагы аял алган жараатынан кырсык болгон жерде көз жумган. Териштирүү иштери жүрүүдө", — деп айтылат маалыматта.
ЖКККББ айдоочуларды автоунааны этияттап башкарууга, жол эрежелерин сактоого чакырды.
Бишкектин чок ортосунда машина кызды коюп кетти. Сүрөт