БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Казакстандык алты турист тоого баратып кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Билдирмеге караганда, туристтер Дулати — "Иле-Алатау" экопосту — Чоң Алматы көлү — Космостанция — Турист чокусунун түндүк-батыш эңкейиши — Проходное капчыгайы — Алагир дарыясы — Проходная дарыясы — Проходное ашуусу маршруту боюнча жүрүшкөн.
"Аталган маршрутта чек арадан өтө турган жерди көрсөткөн маалымат такталары, "чек ара зонасы" деп жазылган мамылар бар болчу. Мындан тышкары, Казакстандын чек арасы атайын белги менен белгиленген", — деп жазылат маалыматта.
Казакстандын мамлекеттик чек арасын бузгандыгы үчүн туристтерге карата Кылмыш кодексинин 392-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгону айтылды.